Заратустранын
Автор
Повесть
Арслан Койчиев

24.03.16.

Добул-Таштык “Заратустранын” аңгемеси




I

Канды бузган кара макала


Кайгы-капасыз жашоосу былтыркы жай саратандын кудум азыркыдай акактаткан аптаптуу күнүндө капылеттен бүлүнүп, маал-маалы менен түн уйкусун качырган түпөйүл санаага бастыргандан бери эски үйүтүн, тээ эскиден жедеп көнгөн үйүтүн карматып, – жойлогон эл душмандарынын ана башын өз колу менен тузакка түшүрчүдөй өжөрлөнүп, идеологиялык ириткилердин сары изине чөп салганы келгенде ичкен ашын жерге койгон оперкызматкердин эң эле макталуусунан эмес беле кезеңинде – аягы жеткен алыс-жуук күркөлөрдөгү гезит аттууну көз жаздымда калтырбастан, күн алыстан чыкчусун күн алыстан алдыртып, күн сайын чыкчусун күндө эринбей алдыртып, бир кучак гезитти четинен ашыкпай жайып, ишине бүйрө караган чапчаң оперативниктен бешбетер ар бир бетине жадабай көз чаптырып койгонду өнөкөт кылган, ылаажысыз өнөкөт кылган КГБнын ардагери М. К. эки күндө бир чыккан алты барактуу “А...” гезитинин соңку санын жаңыдан эле колго алып, каадасынча “ко-ош!” деп дабышын салып, маңдайына кулачтап жая бергенинде, бырыштуу өңү кер-сары тартып, эки колун майда калтырак басты. Таноолору кысылып, бүлк-бүлк этти эриндери. Эки-үч сабын арбыта окуй түшкөнүндө, кечке тирмийип гезит окугандан шоросу акчудай кызарган эки көзү чекчейди. Арылай окуй түшкөнүндө, каны как чокусуна тээп, чыкыйындагы көк тамырлары көөп чыкты. Көөнү ушинтип бузулду.
Ки... ки... киши... кишинин сөөктөрү дейби, ыя!? Табылды дейби, ыя!? Дагыбы!? Акырыбы!? Баш сөөктөрү, колу-буту... Жамбаш сөөктөрү жайында, кыр арка, кабыргалары бүп-бүтүн... Упурап үбөлөнбөй, чирибей этпей... Омурткалар омкорулуп... Иши кылса, кара башыл адамдын он эки мүчөсү чачылып... Дурайындыкы-ы... Табылды дейби? Акыры табылдыбы, ыя? Карасаң, карасаң муну дурустап, сүрөтү менен кошо жүрөбү, ыя? Куу сөөктүн додо болуп үйүлгөндөгү сүрөтү менен какчыйган куу баштын как маңдайынан тартылган сүрөтү жүрү! Топ-тобу менен өлгөндөрдүн, анан дагы тобу менен бир чуңкурга көмүлгөндөрдүн тоо арасындагы бейитиби!? Эй, капкайдагыны былжырайт, капкайдагыны тантырайт мынабу гезит cөрөйүң? Чогуусу менен аңгекке көмүлгөндөрдүн, чогуусу менен атылгандардын белгисиз дагы бир бейити деп былжырап турубу? Чындап айтып турубу!?
Адам дегениң, чиркиндики, тагдырдын эмне балээси шоруңду кайнатып, бучкактап-тооруган күнү дагы буйтактатып кеткенден үмүтүн эгерим үзбөйт эмеспи, анын сыңарындай ардагерибиз да уйгу-туйгу ой арасында ирмемге бардаш кылып, удургуган санаасын саамга тыйып, андан ары күбүрөнө окуганын токтотуп, бүлкүлдөгөн эриндерин бекем кымтынып, түгөл көз чаптырып салчудай түрлөнүп, жар кабагын түйдү да бу саам колундагы гезитти маңдайынан жарым карышка алыстата кармады. Жарым бетке толуп-толбогон макала болучу. Ээгин өөдө көтөрүп, көзүнүн асты менен калкыта карады. Калкылдаган саптарга ары ишенбегендей, ары иренжигендей тиктеп, шектүү карады. Шек санабаска чара барбы? Кагаз кармап, калем жорголотконго алы-күчү жеткендин баары эле шыгы козголуп, сөздүү болуп кеткенсип, бул күндөрү ээн ооз жазмакерлер эмнени гана жазышпайт ылгабастан, эмнени гана кеп кылышпайт былжырашып!
- Неужели!? - деди орусча-кыргызча аралаштыра күңгүрөнүп. - Неужели таап алышты!?
Дүпүйгөн мажүрүм талдын көлөкөсүндө саат он жарымдан бери баш көтөрбөй тирмийип, өз колу менен демдеген чөөгүндөгү көк чайды майдалап ууртап түгөткүчө он чакты гезитти түрө карады чагымда. Киши-каранын сүлдөрү табылганын окуганы жок эле, ботом. Чолок саптуу сүйлөм да учураган эмес. Чолок сап сүйлөм дагы! Ооба, он чакты гезитти кучактап келип отуруп, бирден сыдыра караган баятадан. Бирден гана сыдыра тиктеген. Бирок...
Сандан-санга улам бир үзүндүсүн үзбөй жарыялап, кабары жок калың элге “Камасутраны” тааныштырчу гезиттен баштаган ириде. Көзгө дароо урунган эң көрүнүктүү жеринен жарым беттен ашуун орун берилген экен, дагы эки бабынын кезеги жетиптир, эки эле бап болгону менен жаңылбаган ирээти бар экен, сүйүү кумарына кануунун отуз биринчи, отуз экинчи ыкмалары... жок, жок, жаңылып атабыз, бурадар, жаңылбасак, “отуз экинчи”, “отуз үчүнчү усулдары” деп аталат экен анысы, Адам-ата, Обо-энеден тарап-тарап отуруп төгөрөктүн төрт бурчуна жайылган не бир түрлүү калктар бизчилеп аңырайбай тээ илгери, эки миң жылча илгери эле эртелеп үйрөнүп, кыныгын алып алышкан имиш да маңыроолугубуздун айынан биз гана кур калыптырбыз айтууда, ошол усулдардын ийне-жибине чейин устаттык менен түшүндүрүлгөн үзүндүлөрүнө, дырдай жылаңач сары чачтуу аял менен дырдай жылаңач эркектин бири канчык, бири дөбөт кебетелене ышкылуу күүлөнүп, кудум иттерче чапташкандагы сүрөттөрүнө көз кыйыгын салганда, “кайран элге айбандын үйүгүшкөнүн үйрөтүп, моралдык жактан иритмей болушту” деп башын чайкап, кейип алган болучу. Бирок капкайдагы сөөк-саак тууралуу кабарды окуган эмес ал гезиттен. “Көзүбүз ачык! Каргыштуу Совет бийлиги эле шорубузга калып, жолубузду бууп жүрүптүр көрсө, Советиң кыйраганы көзүбүз ачылды!” деп догурунган маскарапоздор чыкты жоболоңдуу ушу заманда, күндөн-күнгө жайнап, катарлары калыңдап барат баамдаса. Экинчи баш көтөргүс кылып, эскинин саркындылары катары түп-тамыры менен эчак кырып-жойгонбуз деп компоюп жүрсөк, андай эмес экен аныгында. Кош. Тагдырына нааразы кимдер бар? Төлгө ача калып эле, коммунисттер күч үрөп оңой албаган тайкы тагдырыңды алеки-заматта түздөп-оңдоп ийчү көзү ачыктар күтүп жатканын жабыла сүйүнчүлөшүптүр бир нечеси. Ооба, бир эмес, бир нечеси! Аты-жөндөрү, дарек-дайындары менен жол-жол болуп тизмеленип жүрөт, тобо! “Тобо!” дебегенде эмне дейсиң, алаканыңды ачып-жумуп окуган цыгандын чыбыш чач катындарынан ашып түшкөнү калды го калкыбыз. Каалайсыңбы, четинен кабарлаш. Кааласаң түз эле үйүнө бар каалга-эшигин каккылап, басып баргандан эринсең кулагын бурагылап телефон сок. Дагы? Дагы... Апта бою күндүн табы отуз сегиз – отуз тогуздан төмөн түшпөй, төбөңдөн куйкалап тураарын эскертиптир дагы бири. Өзөндөр какшып, талаа-түз күнгө күйүп, өчүргөнгө шайман тартыш, айылдардын арасы андан-мындан алоолонуп өрттөнүп жаткан имиш. Бирок бирөөлөрдүн чукурдан табылган баш сөөгү, чачылган сүлдөрү тургай, чыпалактын шыйбылчагы тууралуу да ырымга сөз жок болчу. Анан эле “А...” гезити, редакциясына жалаң ажына тийгендер чогулуп алгансыган мынабу “А...” гезити кайдан чукуп таап чыкты машаяктанып? Демек...
А балким жаңылыш болуп жүрбөсүн? Жаңылыш дегенибиз, эски жаңылык болуп жүрбөсүн? Ашыкпачы, жолдош полковник. Жолдош отставкадагы полковник! Байкачы оболу. Байкоостон адашып, былтыркы гезит же былтыркы жаңылык болуп жүрбөсүн шашкалактап окуганың? Балким... Балким күркөдөгү семиз катын, качан барсаң бырсылдатып семичке чагып отурган былчык катын бүктөлүп кычык-кучукта жаткан эски гезитти эки-үч сом акчасына кызыккандан кармата салгандыр колуңа? Эски-ускусу менен иши эмне экен анын, эптеп пулдаганы эсеп да. Оокаты ошо эмеспи. Ошол катындын эски гезитти пулдап ийчү амалына кабылып калгансың го бүгүн. Балким, былтыртан бери “Кой-Таш эле Кой-Таш” деп оозун көбүрткөн чала сабат, дөөпөрөс жазмакериң Кой-Таштын ордуна “Добул-Таш” деп жазып алгандыр адашып? Ушул ою эп көрүндү өзүнө. Ошентишсе кана! Ошентишсе эмине! Ошентишсе…
Оодарып карады гезитти. Оодарды да шаабайы сууй түштү. Анткени, кармаганы быйылкы эле экен дагы, сыясы жаңы кургаган бүп-бүгүнкү эле гезит экен. Быйыл эле терилиптир, “1992-жыл” деп туру бадырайып. Бүгүн эле терилиптир, “15-июль” деп туру жаңылбай. Ээ, дурайындыкы-ы! Кашайып, эми көрдү. Титулдук беттеги каршы-терши учкашкан көп анонсторго көз чаптырып, арасынан “Сталин аттырып салгандардын сөөктөрү табылды!” деген анонсту көрдү. Коюу кара тамгалар менен терилиптир. Аңтарып этегин карады. Беш орундуу, этеги көп нөлдүү санды окуду. Ашык-кеми жок отуз миң деп туру, демек отуз миң нускалуу деп туру.
Гмм... Мына кызык! Кантип? Кантип таап алышты? Кантип билинди? Эгерим жакшылык көрбөгүр кайсы чагымчылы чукуп чыкты бул сапар? Деги, эмне болуп атат тегеректе? Эмне деген чакчелекей заман башталды деги? Кайдан чыгышты дейм да!? Ардагер атыгып, сый-урматка гана бөлөнүп жүрчү чагында канды бузушуп, ушул демократ сөрөйлөрдүкү өттү, дурайындар!
Кайта сап башынан түшүп, абалкы үч сүйлөмүн үнүн чыгара сыйралап-сыйралап окуганында, топ кишинин сүлдөрү табылганына, болгондо да Добул-Таштын койнунан табылганына ынанбаска түк чарасы калган жок. Ооба, ооба, каран баскырдыкы, “Добул-Таш эле Добул-Таш” деп туру кара тамгалар менен бадырайып. Үч сүйлөмдүн ичинде үстү-үстүнө кайталанып туру. Сандырак сөз дейин десе, сап-сап сайын кайталанып туру.
А бирок... А бирок кантип таап алышты десең? Башы маң, акылы айран. Бирөө-жарымдын айгак чыгып, күбө өтүшү мүмкүн эмес эле! Эч мүмкүн эмес эле! Эч! Кайсы кудай урган акмагы айгак чыгып, капкачанкы көрдүн башын кимиси көрсөтүп берди десең жаңылбай? Акылыбыз айран, башыбыз маң! Каякты карап жүрү КГБысы убал-сообубузду ойлобой? Мээ кайнаткан ысыкта журналисттер менен чогуулап кетмен-күрөк көтөрүнүп, өйдө-төмөн тоо-ташты кезип, кошо көр чукулап жүрүшкөнбү аларың!?
Туттукчудай болуп, деми кыстыкты. Тамагы кургады. Боргулданып тердегенден чий калпагын көк желкеге түрттү. Демделүү көк чайдан гүлдүү чыныга ченеп куюп, маашырлана ууртап, көлөкөлөп отурган жери дубалдуу короосунун бурчундагы бутак-шагы тегерете жер чийген, дүпүйгөн мажүрүм талдын түбү дебедикпи, куу талааны куйкалап, эрме чөлдү кактаган күндүн ачуу табы боз чаптуу тоонун эңишин мелжеп уруп, Орто-Сайдын этегиндеги так ушул алты сотук короонун үстүндө уюп калгансып, тегереги ысыгандан ысып берди. Кайнагандан кайнап берди. Мажүрүм тал он жылдык дүпүйгөн мажүрүм тал боло туруп, капырай, күндүн аптабынан калкалаганга шаасы жетпей калды белем. “Африканын күнү болуп кетти го! Жадагалса табиятың да бузулуп, соо эмес!” деп ойлоду ардагер.
Жарым кружке муздак суу эңседи жутуп иймекке. Бастырма жакка башын бурду улутуна. Оозунан чыккан дабышты кулагы чалаар замат, айтканын эки кылбай аткарып турчу кишисинин элпектигине көнүп алган жаны карыса да полковниктик каадасынан жазбай, кол алдындагыларга өктөм команда берип аткансып, ”Суу! Суу берчи!” деп калар эле күркүрөп. Көктөмдөн бери бактын түбүн көлөкөлөгөн өнөр таап, күндө бир маал ушинтип түшкө чейин баш көтөрбөстөн, тирмийип гезит кулачтап отурчусунда бир туруп күңгүрөнүп, бир туруп кобуранып иймейи бар абышкасынын непадам чукул ачуусу кармаса үнүн бийик чыгарып, орусча-кыргызча аралаштырып, короону жаңырта кагынып-сөгүнүп жибергенин деле эрен-төрөн көрбөй калган кемпири азыр кружкелеп суу сунмак турсун, үч күндөн бери жөлөнүп-таянып өзү сыртка араң чыгып калган. Акыбалы оорлогону кыры сүрүлгөн эски дивандан алыс басып кете албай, чөгүп отуру.
“Суу бере турган киши барбы!?” - деп калаар эле каардуу. Танбай көк чай сурап жүрчү абышкасынын добушун эшиткен кемпири бастырманын баканынан саал эңилип, ириде каңырыш уккан түр жасап, “Суу? Суу дейсиңби?” дээр эле. “Ооба, суу! Анан эмне дедим!?” демек отставкадагы полковник. Сол тизеси бүккөн сайын сайгылашып ооругандан, салмагын салмакка алдыга утур оң аягын таштап, тепкич сайын эки согончогун теңдей таканчыктап тура калып, утур оң аягын ылдый таштап, ал ортодо узун этегин чала-чарпыт тепсеп ала жаздап, сылтып баскан кемпири чайпалып түшүп келмек. Бир колунда суу толтура темир бастек, бир колунда сыры кетилген калай кружке.
Азыр бири “суу апкелчи” дей албайт каадасынча, же экинчисинин туруп басканга шайманы жок. Үч күндөн бери ушинтип калышкан.
Түңүлгөн жаны оңдонуп отурду да кайра үңкүйдү. Гезитке үңүлдү.
Балаке-ет! Кудуреттүү КГБнын күчүнө таянып, ың-жыңын угузбастан канчалык купуя кармасак да болбой, Добул-Таштын сыры, тагыраак айтсак, текши үстүнө таш корумдалып, жиги билинбегидей тептегиз кара чым бастырылган, андан калса жыл сайын тегерете мал тебелегенден жер менен кошо жер болгон эчакы көрдүн кара таш бастырылган көзү акыры ачылган экен да минтип! Дүрбөлөң түшүрүп жазганын карачы: дүйшөмбүдө чукушса, экөөнүн сөөгү чыгыптыр. Бейшембиде чукушса, бешөөнүн сөөгү чыгыптыр. Азырынча! Сүрөттөгүсү бирөөсүнүн куу башы экен, акырет дүйнөдөн амалын таап айланып келип, арбашчудай тиктегенсип, айтышчудай тиктегенсип, эбак оюлган эки көзүнүн чарасы оңураят эле оңураят. Арсайган-арсайган тиштери жаак сөөктөн ажырабастан, ээк тиштери күбүлүп калбастан сакталыптыр. Жаак сөөгү болсо... Узуну кере карыш экен чагымда. Чымындай жаны чыгарда ач айкырык салып, ошол айкырып ийген чагында үнү жалп өчүп, араандай ачылган бойдон карышып-катып калгандан бетер жаак сөөгү керилет эле керилет. Үчөөсүнүн сөөгү кем чыгып, көркоо ит-куш тийгенденби, колу-буту табылбай аткан имиш. Эми, архивдерди аңтаруу...
Макаланын ушул жерине чейин түтүп окуп, андагы сүрөткө жана бир көз чаптырган ардагерибиз ызаасы алкымын ачуу тиреп, көкүрөгүн өйүгөндөн гезитти шак коё салды. Ээгин жана өөдө көтөрүп, чалкалай отурду. Ызырынды. Ызырынбагандачы, кантип ызырынбай коёсуң!? Ашата-ашата сөгүндү. Сөгүнбөгөндөчү, кантип сөгүнбөй коё аласың!? Кылым-кылымга сакталчу жашыруун сырга кыянат асылып, чуу салгысы келген кыйкымчылдардын чарасын чукулунан көрбөй КГБынын азыркы жетекчилери каякты карап жүрүшөт дейм да жалдырап? Эскерткен жок беле!? Эскерткен. Айткан жок беле!? Айткан. Былтыр эле эскерткен, былтыр эле айткан. Былтыртан бери эскертип отурса, чара көрүлгөн эмес турбайбы таптакыр! Ишин эптей албаган жалаң чалагайымдарды конторага үйүп алып, баштагыдай болбой, жадагалса ушу КГБ да айныды ушу заманда, дурайын! Органдан айланышабы, колдоруна узун таяктуу шыпыргыдан бирден-бирден карматып, билектерин чыканактан түрүнтүп, күндө Ак Үйдү үч-төрт сыйра айланта көчө шыпыртып койчу эле түрлөрү бар ашкеби немелер!
Майда калтырак баскан колдору менен сол көкүрөгүн, анан оң көкүрөгүн сыйпалады. Төш чөнтөгүнө кыпчытып, дайындуу ала жүрчү калем сабын издегендегиси болучу. Эмкисинде убараланып эки окубай, көз чаптырганда дароо чукуп таап алгыдай кылып, “архив эле архив” деген сөздүн алдын сызгылап, “аңтар эле аңтар” деген сөздүн тушун чиймелеши керек эле. Анан жазышы керек эле жогору жакка. Чагымчыларга каршы чара көрүүнүн зарылдыгын безге сайгандай эскертип, тезинен жазбаса болбойт, эй! Эси жокторду тез арада эстерине келтирбесе болбойт! От менен ойногон кандай немелер буларың!?
Көйнөгүнүн төшүндөгү кош чөнтөгүнөн чыкпагандан, үстөлүнүн үстүн сыйпаласа, көк сыялуу калеми кабат үйүлгөн гезиттердин арасынан урунду алаканына. Алып дайындуу койду. Эми ойдолото жазганга актай кагаз ырасташы керек. Ал эми актай кагазды эки убара болбой кемпири ала келгени оң болмок мындайда.
“Бир барак актай кагаз ала келсең болмок!” – демек кемпирине. “Эмне кагаз?” – демек кемпири . “Эмнеге болмок эле, жазганга!” – деп короону жаңырта “зоңк” этмек. “Ушу сенин жазганың кычады,” - демек кемпири. “Жазыш керек болсо кычайсың да,” – демек полковник. “Үйгө эле кирип жазбайт белең,” - демек кемпири.
Эски диванда капталына кыңайып, үргүлөгөн кемпири менен так ушинтип үнсүз-сөзсүз сүйлөшкөнсүп, ичкери кирүүнү болжоду. Канын кайнаткан мынабу макаланы биротоло соңуна чыгара окуп болгондон кийин кемпиринин кашына барып отурганы эп. Маңдайынан карыш узабай жазганы оң.
Ушундай болмок. Акыр түбү ушундай болмок. Алпейим жаткан калайык журттун арасын дүрбөткөн ээнбаштыктын этеги, жугуштуу ылаң сындуу каптаган ээн ооздуктун арааны тыйылбаса, ушундай эле болмок. Анан кандай болушу керек эле? Анан да “силердиби силерди, шашпагыла, кан акыры коё бербейт!” деп, колоңсо-шыбоосу каңылжарыңды жарган сасык редакциясынанбы, же калаанын биз билбеген дагы бир күңсүгөн кычык-кучугунанбы, айтор эмитен эле алыстан кезенип, кекенип-өчөшүп алганын карачы! Күйбөгөн жерди күйгүзүп! Тээ отузунчу жылдары, мындан туура алтымыш-жетимиш жылча илгери кеменгер жол башчынын улуу тилегин жүзөгө ашыруу үчүн тап күрөшүнө түп көтөрүлө аттанбадык белек, эсиңердеби? Жалпыбыз аттанганбыз! Жапа тырмак аттанганбыз! Ошондо, адам баласынын жер бетине адам баласы болуп жаралганы кан-жаны менен кошо бүткөн алмустактагы бузук кыялын күчкө салып оңдоого, эсеби маселен, киши туруп кишини кишиге кас санаткан, кажынтып эле кара санатайлык издеткен, бир-бирине кордук көрсөтүүнү, бирин-бири зордукка салууну дегдеткен, ой-санаага келгис не бир жаман иштерге азгырган, деги койчу, тирүүчүлүктү азап-тозокко айланткан эзелки кулк-мүнөзүн жин каккандай кагып, кыскасы, кайра тарбиялап, телегейи тегиз коомду куруу тилегине тилектеш болбодук белек, эсиңердеби? Эми мынабу ары жок неме ошол айыгышкан улуу күрөштүн, дагы айтамын, айыгышкан улуу күрөштүн маалында аёосуз атылгандардын, Ибир-Сибирдеги лагерлерге күргүштөтүп айдалгандардын өчүн алмакчы, кунун куумакчы имиш. Анан да атпай журтту үндөп жибергеничи! Отуз миң нуска менен! Күйгүзөт да күйгүзөт!
Ооба, “Сталиндик кара көпөлөк доорунун Добул-Таштагы кандуу изи табылды!” деген аталыштагы үзүктөй макаланын, гезитчилер айтмакчы, жарым бетчелик кара макаланын автору беш параграфтан кийин эле ойду-тоонун башын догуруна чаргытып, энөө элге олуя, жаанда жок чилистен көрүнгүсү келгенби, айтор, непадам карапайым киши артынан ээрчип кайталачу болсо тилинен жаңылып тантый турган тири укмуш терминдерди, буржуазиялык терминдерди кабат-кабат урунуп, ушундай ураан-чакырык таштаптыр сөзүнүн ортосунда. Кекенгени ашынгандан азыр эле темир дарбазаны жара тээп кирип келчүдөй жаалданган баягы Т.Ж. ысымдуу ары жок жазмакерибиз:“Былтыр да айтканбыз, дагы кайталайбыз: КГБнын архивдери токтоосуз ачылсын! Сталиндик НКВДнын кызматкерлерин, асыресе, репрессия учурунда каруудан канга боёлгон канкор желдеттердин аты-жөндөрүн тез арада тактап, элге ачыктап, катаал жоопкерчиликке тартууну өлкө жетекчилеринен талап кылабыз! Эгерде бирөө-жарым тирүүлөрү дагыле арабызда жүрсө, колу менен кылгандарын мойну менен тартсын: эл алдында ашкереленсин! Арты мамлекеттин эсебинен пенсия жегенин токтотуп, күнөөсү оорлору кесилсин! Президентибиз далдырап, каякты карап жатат! Коомубуз люстрацияга муктаж! Люстрация керек! Люстрация!!!” деп какшаныптыр.
Ардагер жаба түкүргүсү келди гезитке. Тамагы кургап, күрмөп жутарга бүркүм шилекейи жоктон гана титиреген эрдин бүлкүлдөтүп тим болду. “Люстрациябы? Люстрацияны гана самайт имиш!” деди күбүрөнүп. Сыя калемин алып, “архив” деген ар бир сөздү терип, алдын сызды чебердеп, “люстрация” деген сөзү утур-утур кайталангандан, бирин жаза кетирбестен алдынан сызгылап чыкты эле, сызгыч менен тарткандай узун-узун сызыктар учкашып калды. “Пенсиясы токтотулсун”, “жоопко чектелип, кесилсин” деген жерлерин дароо көзгө урунгудай туш-тушунан чийгилеп, белги койду.
Үшкүрүндү. Кежигесине түртүлүү чий калпагын кырынан кармап, нымшыган чекесине тартты. Чамеси түбүнө уюган чынысы менен бош чөөгүндү коомай кармап, четкерээк жылдырды. Сыякалемин алып, төш чөнтөгүнө кыпчытты. “Билгиңер келсе, “чистка” деп коёт аны, балдар!” деди колдорун тарбалаңдатып, алдындагы чачылган гезиттерди чогуусу менен баш-аягы жок бүктөп, сол бооруна кочуштай кысып жатып. Эки бүктөлгөн “А...” гезитин оң колуна бөлүп кармап, ордунан турду обдула. Мажүрүм талдын жер чийе сеңселген жумшак бутактарынан гезит кармаган колу менен жүзүн калкалай эңкейе басып келатып,“Чистка!” деди. Мажүрүм талдын бир кучак жыш бутагынан жалт буйтаарда саамга чалыштай түшүп оңолуп, дагы кайталады:“Чистка!”. Мажүрүм талдын далдаасынан бери суурулуп чыкканда уюган белин дароо түзөй албай ооруксунуп, үңкүйүп келатып да, жаак этин бүлкүлдөтүп, “чисткалап” күңкүлдөдү.
Тамды түптөй басып баратып да ойлоду, “чыныгы люстрацияны мына биз көрдүк! Өз көзүбүз менен көрдүк! Көрмөк турсун кол кабыш эткенбиз! Өз колубуз менен ишке ашырганбыз!” деп ойлоду. Кырчындай жаш курагында Добул-Ташка далай ирет түн жамына атайы тапшырма менен аттанганын, ии, далай ирет шымалана аттанганын, ошондо органдын жоон топ кызматкерлеринен кем калышпай тапанчасын сундуруп, жети атар наганын далай ирет жарыша сундуруп, шылкыя баскан эл душмандарын терең аңгектин кырына кыркалекей тиздирип, колдору аркасына байлануу бойдон боо түшүрүп атууга катышканын, ии, далай ирет катышканын да эстеп ийди. Кайсы-бирин айтасың, каратып туруп атканда, он экисин өлтүргөн, бурултуп туруп атканда, он жетисин өлтүргөн күндөрү да болгон. Кайсы-бирин айтасың, каратып туруп атчуда, как чекеге так аткан, бурултуп туруп атчуда, көк желке менен кара кушка жаңылбай аткан күндөрү болгон. Кайсы-бирин айтасың...
Анчалык аки-чүкүсүнүн архивиңде да каттоосу жок качанкы окуяны ийне-жибине дейре эстеп, терең ойго сүңгүп кеткенден ирмемге чайпала түштү эле, демейде дубалга сөйкөнбөй-этпей эле соо өтүп жүрчү жерден сол ыйыгын терезенин кырына сүрүп алды. Аялдай калып, көйнөгүнө жуккан акиташтын чаңын кагынды.
“Кайран жаным, ээй!” деди. Жыйырма бештин ар жак – бер жагындагы эле кези болчу, жапжаш туруп “НКВДнын улук сержанты” ченин коркпой-этпей көтөргөн өткүр чагы экен ошондо. Жоопкерчилик деле жоопкерчиликти түшүнгөн, өтөөсүнө чыга билген кишиге жүктөлөт эмеспи. Эсинде. Күнү бүгүнкүдөй эсинде. Бир түндүн ичинде эле он эки кишини биринен сала бирин торойто атып, оңкосунан аңгекке жыкчусунда оозунан ак дарынын иси урган жети атар наганын сунган бойдон селейе катып, карышкандан колун бүгө албай калчылдап турса, туурадан кулак тундура кыйкырып, “аткыла эле аткыла!” деп күпүлдөп буйрук берген, лөкүйгөн орус майор жанына басып келип, маашырлана далыдан таптап да койгон. “Молодец, киргиз!” деп. Жогору жактагыларга өз колу менен жолдомо жазып, сыйлыкка да көрсөткөн. Айтпадыкпы, жыйырма бештин ар жак – бер жагындагы кырчындай жаш большевик кези эле. Ошол рапорттор архивде катылуудур. Эми жашыруун архивди аңтаргылары бар тура буларың! Кат-кат болуп тиркелүү, көгүш мөөр бастырылган көктөлүү ошол рапортторду эми мынабулар жалаяктай жайып алып, ээн жайкын окугулары бар тура! Карасаң-эй буларды!

Оцените произведение
Made on
Tilda